Америкадагы таасирдүү The New York Times басылмасы алдыдагы президенттик шайлоодо азыркы президент, демократ Барак Обаманын талапкерлигин колдоп чыкты. Редакция тарабынан талданган макалада Обаманын администрациясы экономикада жана тышкы саясатта ийгиликке жеткени жазылган. Гезит Обаманын учурунда медициналык камсыздандыруу системасындагы реформа элге пайдалу болгонун, бир жыныстуу бүлөлөргө оң көз караш жана башка жетишкендиктерди тизмектеп, анын атаандашы Митт Ромнини сынга алды.
The New York Times 1960-жылдан бери президенттик өнөктүктө жалаң гана демократтарды колдоп келет. АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү курч мүнөздө өтүүдө. Бирок азыркы алдын ала сурамжылоолордо президент Барак Обама лидерлик кылууда.