Бүгүн Бишкекке совет грузин ырчысы Нани Брегвадзе келди. Белгилүү грузин ырчысынын концерти Грузиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулуп жатат.
Нани Брегвадзенин жеке концерти Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кечки саат 18:00дө башталат.
Нани Брегвадзе СССРдин эл артисти, пианинодо ойнойт. 1960-жылдары биринчи жолу совет эстрадасында орус жана цыган романсын кайра тартуулаган ырчы катары белгилүү. 2002-жылдан бери М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин эстрада-жаз кафедрасын жетектейт. (ST/AKu)