Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими Курман айт майрамына карата жаатташкан тараптарды төрт күнгө ок атышууну токтотууга чакырып, эки тарап менен тең макулдашууга жетишкен эле. Бирок майрам күндөрү да атышуу токтобой, жума күнү 150 адам, ишемби күнү 70тей адам кагылыштын курмандыгы болду. Сириянын куралдуу күчтөрү жарашуу шартын оппозиция бузганын айтып, өкмөттүк күчтөр алардын чабуулун жоопсуз калтырбай турганын эскертти. Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Жихад Макдиси оппозициянын бул жоругун БУУнун коопсуздук кеңешине жеткирээрин айтты.
Бирок куралдуу оппозиция макулдашууну биринчи өкмөттүк күчтөр бузганын белгилөөдө.
Бирок куралдуу оппозиция макулдашууну биринчи өкмөттүк күчтөр бузганын белгилөөдө.