Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Баск жикчилеринин аскерий лидери кармалды


Франциянын чыгышындагы Макон шаарында баск жикчилеринин куралдуу канатынын лидери деп шектелген 38 жаштагы Изакун Лесака кармалды. Испаниянын ички иштер министрлигинин маалымдашынча, француз полициясы ЕТА (Euskadi ta Askatasuna) группасынын дагы бир мүчөсүн колго түшүргөн жана экөөнүн тең жанынан курал табылган. Былтыр октябрда ЕТА басктардын күнкорсуздугу үчүн 40 жылдан бери жүргүзүп жаткан куралдуу күрөштү токтотоорун жарыя кылган. Бирок бир да жикчи куралын тапшыра элек. Ал эми уюм мүчөлөрүн колго түшүрүү жана каруу-жарактарын конфискациялоо уланууда.

Испан өкмөтү топтун мүчөлөрү куралдарын тапшырып, расмий таратылышын талап кылууда.

XS
SM
MD
LG