Кесипкөй дипломат Салман Куршид Индиянын тышкы иштер министри болуп дайындалды. 59 жаштагы Куршид буга чейин юстиция жана соода министрликтерин жетектеген. Мурдагы министр, 80 жаштагы Саманахалли Малайя Кришна отставкага кетти. Премьер-министр Манмохан Синх жаңы дайындаган жети министр жана 15 министрдин орун басары жекшемби күнү ант беришти. Бул 2009-жылкы шайлоодон берки өкмөттүн курамындагы эң чоң өзгөрүү.
Кызматтан кеткен министрлердин бир нечеси 2010-жылы Индияда өткөн Шериктеш өлкөлөрдүн спорттук оюндарына стадион-мейманканаларды куруудагы коррупция чатагына байланыштуу сурак беришет.
Премьер-министр Синхтин маалымдашынча, Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун чөбүрөсү Рахул Ганди министр бол деген сунушка көнбөй, Индиянын улуттук конгрессинин төрагасы бойдон калганды оң көргөн.