Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Жалал-Абадда ачкачылык акциясы уланып жатат


Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта тигилген боз үйдө 23 аял ачкачылык кармап отурушат. Алардын ден соолугуна дарыгерлер көз салышууда. Аялдардын бири –Каныгүл Эшиева ишемби күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев келип, ачкачылык кармап отургандар менен жолугушуп кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

“Ата-Журт” партиясынын үч депутаты: Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду камактан бошотуу, Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен ачкачылык акциясы 5-октябрь күнү башталган. Акциянын катышуучулары ачкачылык талаптары аткарылмайынча токтотулбасын билдиришүүдө. Өткөн жумада алар менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жолугушуп, талаптарын уккан.(YA;ZKo)

XS
SM
MD
LG