Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа боюнча келишимге кол коюлат


Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа маселеси боюнча бүгүн боло турган кезектеги сүйлөшүүгө Кыргызстандан “Улуттук электр станциялары” ишканасынын башчысы Медетбек Айткулов катышмакчы. Эки жума мурда болгон сүйлөшүүдө энергетикалык айлампа боюнча тараптар бир пикирге келишкен, бүгүнкү жолугушууда келишимге кол коюлушу кабарланууда.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетиктери Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа боюнча буга чейин Астанада жана Ташкенде сүйлөшүү жүргүзгөн.

Казак тарап эки жылдан бери энергетикалык айлампадан чыгарын билдирип келет, алар муну Өзбекстан айлампадагы электр энергиясын мыйзамсыз алып жатканына негиздөөдө.

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан Казакстан чыга турган болсо Кыргызстандын түштүгүнүн бир бөлүгү менен түндүгү электр энергиясыз калуу коркунучу бар. Кыргыз өкмөтү бул кенемтени жоюу үчүн Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясын куруп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG