Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Кубатбек Айбашов кабарлады. Анын айтымында, эки ай мурда облус жетекчилиги расмий символдорго сынак жарыялаган.
Жыйынтыгында Баткен облусунун гимни деп Апаз Жайнаковдун "Кыргыз жери" ыры аныкталды. Ал эми сүрөтчү Абдижапар Маткайымов туунун, Сайдимар Султанмуратов гербдин автору деп аталды. Үч авторго тең облус жетекчилиги ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Туу жана гербди тандоодо Баткендин тарыхый жана географиялык өзгөчөлүгүнүн чагылдырылышы эске алынды. (RK)