Сотторду тандоо кеңеши бүгүн Жогорку Соттогу судьялык бош орундарга талапкерлерди тандоонун календардык графигин бекитти. Ошондой эле Бишкек шаардык жана Чүй облустук сотторго да сынактын тартиби бекитилди.
Тандоо кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын "Азаттыкка" айтымында, Жогорку Сотто 35 орун бар. 25 орундун ээлери аныкталып бүткөн, бир талапкер боюнча маселе чечилип бүтө элек. Дагы 9 талапкерди тандоо 21-ноябрда аяктайт. Тандалган талапкерлер президенттин кароосуна сунушталат. (RK)