Баш прокуратура соңку 17 жыл ичинде Кыргызстанда менчиктештирүүгө кеткен бала бакча жана мектеп имараттары боюнча маселени кайрадан көтөрүп чыкты. Башкы көзөмөл органдын бүгүн билдиргенине караганда, Мамлекеттик мүлк фонду 1995-жылдан бери өлкөдө 27 бала бакча жана 8 мектептин имараты менчиктештирилген деген маалымат так эмес. Буга быйыл июн айында башталган текшерүүнүн айрым жыйынтыктары далил.
Кыргызстанда мектеп жана айрыкча бала бакчанын жетишсиздиги соңку жылдары чоң көйгөйгө айланууда. Буга калктын санынын өсүшү жана мурдагы бала бакча, айрым жерлерде мектептердин имараты менчиктештирүү жылдары жеке менчикке берилип кеткени себеп экени айтылат. Ал имараттардын көбү түрдүү соода, оюн-зоок борборлоруна айланып кеткен. (RK)