Украинада бюллетендердин үчтөн бир бөлүгү саналып бүттү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кечээки парламенттик шайлоодо президент Виктор Януковичтин "Региондор" партиясы алдыда баратат. Аларга добуш берүүчүлөрдүн 26 процентинен көбү ишеним көргөзгөн. Экинчи орунда 21 процнет менен экс-премьер-министр, ушу тапта абакта отурган Юлия Тимошенконун партиясы келатат. Коммунисттер – үчүнчү, ал эми бокс боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличконун УДАР партиясы төртүнчү оорунду ээледи. Батыш өлкөлөрү Верховна Радага шайлоону Украинадагы демократия үчүн сыноо деп сыпатташууда.