Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Сирияда тараптар ок атышуу келишимин аткарган жок


Сириядагы активисттердин ырастоосунда, бүгүн согуш учактары Дамаскты бомбалашты. Жааташкан тараптар Курман айтта – жумадан дүйшөмбүгө чейин - ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Мындай демилге менен БУУ жана Араб Лигасынын Сирия боюнча арачысы Лахдар Брахими чыккан. Бирок макулдашуу толугу менен аткарылган жок. Сирия өкмөтү жана президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар келишимдин бузулушу үчүн бири-бирин айыпташууда.

Дүйшөмбү күнкү аба соккусунан канча адам жабыркаганы тууралуу маалымдалган жок. Бүгүн Брахими Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG