Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Тажик жана өзбек лидерлери телефондон сүйлөштү


Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда дипломатиялык алакалардын түзүлгөнүнө 20 жыл толууда. Бул датага карата тажик президенти Эмомали Рахмон өзбек мамлекет башчысы Ислам Каримовго телефон чалды. Бул тууралуу Рахмондун маалымат кызматынан билдиришти. Лидерлер бири-бирин куттуктап, “эки тараптуу байланыштарды жаңы баскычка көтөрүүгө” үмүттөнөөрүн ортого салышты. Байкоочулар Рахмон менен Каримовдун бири-бири менен сейрек сүйлөшөөрүн белгилешет. Дүйшөмбү менен Ташкент суу жана энергия ресурстары, транзит жолдорунун айынан талашып келатышат. Өзбекстан коңшусунун Рогун гидроэлектростанциясын куруу пландарына ачыктан ачык каршы болууда. Расмий Ташкент бул долбоор ишке ашса, Өзбекстан суусуз калат деп ырастоодо. Өзбекстан ошондой эле газ, электрэнергиясын берүүнү токтотуп, эки өлкө ортосундагы транспорт байланыштарын үзүп салган.

XS
SM
MD
LG