Грузиянын түрмөлөр боюнча жаңы министри жакынкы арада 300дөй киши абактардан эрте чыгарылаарын жарыялады. Созар Субари майда кылмыштар үчүн кесилгендер жана жазасынын үчтөн эки бөлүгүн өтөп бүткөндөр чыгарылаарын билдирди. Бир нече күн мурун Грузияда премьер-министр Бидзина Иванишвили жетектеген жаңы өкмөт ишке киришкен. Анын “Грузин кыялы” коалициясы 1-октябрдагы шайлоону жеңген. Шайлоонун алдында Тбилисидеги түрмөнүн кызматкерлери ал жерде отургандарды токмоктоп, кыйнап жатышканы тартылган видео ачыкка чыгып кеткен. Ал тасма нааразылык жаратып, массалык демонстрацияларга алып келген.