Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Сатыбалдиев: Казакстанга карата экономикалык санкция киргизилбейт


Кыргызстан Казакстандан ташылып келчү айрым товарларга тыюу салбайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ал маселени коркутуу жана шантаж менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин айтты.

Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын алууга тыюу салышынан улам Кыргызстан да коңшусунун төрт түрдөгү товарларына тыюу салышы ыктымалдыгын өткөн аптада Экономика министрлиги жарыялаган. Эгер кыргыз бийлигинин бул планы ишке аша турган болсо анда Казакстандан кондитердик азыктарды, алкогол менен тамекини импорттоо кыйындамак. (RK)

XS
SM
MD
LG