Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:48

ЕККУ Украинадагы шайлоону сындады

Эл аралык байкоочулар Украинадагы парламенттик шайлоого терс баа беришти. Киевдеги маалымат жыйынында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мониторинг миссиясынын жетекчиси Валбурга Хабсбург Дуглас шайлоо Украина демократиялык алга жылуу жолунан “тайганын” көргөздү деди. ЕККУнун өкүлү бийликтеги саясатчылар шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү үчүн административдик ресурстарды пайдалангандыгы үчүн айыптады. Андан тышкары шайлоо кампаниясы маалымат каражаттарында бир тараптуу чагылдырылганы, тарапкерлердин финансылык булактары жаап-жашырылгандыгы белгиленди. Алдын ала маалыматтарга караганда, президент Виктор Януковичтин "Региондор" партиясы 34 процент менен алдыда баратат. Экинчи орунда добуштардын 23 процентин алган экс-премьер Юлия Тимошенконун партиясы, үчүнчү орунда коммунисттер жайгашты.
XS
SM
MD
LG