Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

Талоончулукту иликтеген комиссия депутаттардын көрсөтмөсүн угат


Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер 2010-жылдын апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан комиссияга көрсөтмө беришет. Жыйынга ошондой эле апрель окуясындагы талап-тоноочулукка күбө болгон кишилер да чакырылганын комиссиянын мүчөсү, “Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов “Азаттыкка” билдирди:

- Дагы эки-үч күбө калган, ошолор көрсөтмө беришет. Алардан тышкары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин көрсөтмөлөрүн угушубуз керек.

Абдыжапар Бегматовдун айтуусунда, апрелдеги талап-тоноочулукту иликтөөчү комиссиянын ишин узартуу маселеси келип чыгууда. Бул маселе жакынкы күндөрү парламенттин жалпы отурумуна сунушталып, каралышы ыктымал.

“Республика” фракциясынын демилгеси менен 2010-жылдын 7-10-апрелиндеги талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов аттуу жаран апрелдеги талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан. “Ата Мекен” фракциясы муну четке кагып келүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG