Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Ноокатта Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү делген жаран кармалды


Бул тууралуу билдирген Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ноокат районундагы Мирмахмудов айлынын тургуну Сарвар Юсупов буга чейин кыймылдын активдүү мүчөсү катары Дагестанда, Чечняда жана Ооганстанда машыгуудан өтүп келгени, ал мындан ары террордук аракеттерин Кыргызстанда жүргүзүүнү көздөгөнү аныкталган. Милициянын маалыматы боюнча, террорчу деп шектелип жаткан Сарвар Юсупов үй-бүлөсүн Ооганстанга күчтөп алып кетмекчи болуп жатканда кармалган. Азыр иликтөө иштери жүрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG