Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

«Сэнди» Кошмо Штаттардын Чыгыш жээгине жетти


Саатына 140 чакырым тездикте жылган ураган күчтүү суу ташкынды жаратып, жүз миңдеген адамдарды коопсуз жайларга көчүргөнгө мажбурлады. Президент Барак Обама урагандын жолундагы аймактардын калкын талап кылынса тез там-жайын таштап кеткенге даяр болууга чакырды:

- Менин калкка айтчу эң чоң өтүнүчүм: жашаган штатыңыздардын жана жергиликтүү бийликтердин сөзүн кылдат угуңуздар. Көчөсүңөр деп айтылса, саалгып-кармалбай, айтылган көрсөтмөлөрдү сурап-талашпай, тез көчүшүңүздөр керек. Бул капсалаңдуу ураган болгондуктан, адамдар ыкчам аракеттенбесе, аягы жаман бүтүшү мүмкүн.

Нью-Жерси штатына толкун коштогон бороон бүгүн жетет деп болжолдонууда. Суу ташкындан улам кеминде 50 миллион адам электр энергиясыз калышы этимал. Табигый апааттан улам Нью-Йорктун жана Вашингтондун метросу убактынча жабылды. Бүгүн Нью-Йорктун фондулук биржасы иштебейт. АКШнын Чыгыш жээгинен уччу миңдеген жергиликтүү жана эл аралык учактар токтотулган.

XS
SM
MD
LG