Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Жэймс Бонд жөнүндө жаңы фильм бир аптада 32 млн. доллар топтоду


Британ чалгынчысы Жэймс Бонд жөнүндөгү жаңы фильм -"Skyfall" Британияда алгачкы жумадагы прокатта 32 миллион доллар чогултту. Жэймс Бонд тууралуу 23 фильмдин биринен да Британияда кинопрокатка чыккан биринчи жумада мынчалык көп акча түшкөн эмес. Ошентсе дагы “Скайфолл” Британиядагы эң кассалуу “Гари Поттер жана өлүмдүн табериктери. 2-бөлүк” фильми койгон рекордго жетпеди. Гари Поттер жөнүндөгү экинчи фильм былтыр алгачкы бир жумада 35 миллион доллар тапкан. “Скайфолл” Кошмо Штаттарда 9-ноябрда көрсөтүлө баштайт.

XS
SM
MD
LG