Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Мамлекеттик материалдык резерв фондуна буудай алына элек


Бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик материалдык резерв фондуна бир килограмм да буудай сатылып алына элек. Мунун себебин айыл, суу чарба министри Чыңгызбек Узакбаев өкмөт сатылып алынуучу буудайдын баасын 13 сомдон бекитип бергени менен байланыштырды. Министрдин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдиргени боюнча, буудайдын баасы базарда 16-17 сом болгондуктан, дыйкандар 13 сомдон сатуудан баш тартып жатышат.
 
Быйылкы жылы буудайдын түшүмү Кыргызстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз жыйналган. Кыргыз бийлиги ун жана нан азыктарынын таңкыстыгынын алдын алуу үчүн Орусия жана Казакстан өкмөттөрү менен 300 миң тонна буудай алуу боюнча келишим түзгөн.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG