“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу менен “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Бахадыр Сулейманов КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар курамында Украинадагы парламенттик шайлоого көз салып келишти. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, Турсунбай Бакир уулу 14 шайлоо участогундагы добуш берүүгө күбө болуп, айрым мыйзам бузуулар боюнча өзүнүн сунушун бергенин маалымдаса, 12 шайлоо участогундагы добуш берүүгө көз салган Бахадыр Сулейманов шайлоо демократиянын талаптарына ылайык акыйкат өткөнүн билдирди.
Украинадагы парламенттик шайлоо 28-октябрда өттү. Анда беш партия минималдык чектен өткөнү кабарланган. Кечээ ЕККУнун байкоочулар миссиясы Украинадагы шайлоо өлкө демократиялык алга жылуу жолунан тайганын көрсөткөнүн белгилешкен.(ZKo)