Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Пабло Пикассого арналган көргөзмө өтөт


Бишкекте испаниялык улуу сүрөтчү Пабло Пикассонун чыгармачылыгына арналган көркөм көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинен кабарлашты. 2-ноябрда ачыла турган бул көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчү Николай Котляревскийдин 50гө жакын эмгеги коюлат. Алар негизинен Пикассонун чыгармаларынын көчүрмөсү, пародиясы жана трансформацияланган түрү. 63 жаштагы Николай Котляровский сүрөтчүлүк өнөрүн соңку 20 жылдан бери тартуулап келатат. Буга чейин ал төрт жолу жеке көргөзмөсүн уюштурган. (RK)

XS
SM
MD
LG