Коргоо министрлиги 18-октябрда армиядан качкан эки аскер боюнча маалымат таратты. Анда Балыкчы гарнизонунун Аскер сотунда кызмат өтөп жаткан Самаган Жапаров жана Арсен Талантбеков 20-октябрда Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына кайрылганы айтылат. Кызматын таштап качкан жоокерлер жетекчиликтин кордугуна кабылдык деп даттанган. Учурда бул окуя боюнча министрликте атайын комиссия иштеп жатат. Жапаров менен Талантбеков азырынча ата-энесинин колунда, качып барган бойдон үйүндө.
Бул окуяны коомчулук алдына эң алгач "Азаттык" көтөрүп чыккан. "Азаттыктын" кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы болгон иштин чоо-жайын өз алдынча иликтеген. Аскерден качкан балдар менен байланышканда алар армияга өз каалоосу менен барганын, бирок көргөн кордугуна чыдай албай калганын айткан жана Мекенине мындан ары да кызмат кылуудан баш тартпасын билдирген. Самаган Жапаров коомдогу жердешчилик илдети ал кызмат өтөгөн жайда да байкалганын айтып берген. (RK)