Кыргызстандын Экономика министрлигинин кыргыз-казак экономикалык мамилелерине байланыштуу өткөн аптада билдиргени жалпы Кыргызстандын позициясын чагылдырбайт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын алууга тыюу салышынан улам Кыргызстан да коңшусунун төрт түрдөгү товарларына тыюу салышы ыктымалдыгын өткөн аптада Экономика министрлиги жарыялаган. Эгер кыргыз бийлигинин бул планы ишке аша турган болсо Казакстандан кондитердик азыктарды, алкогол менен тамекини импорттоо кыйындамак.
Кыргызстан Казакстандан ташылып келчү айрым товарларга тыюу салбай турганын кечээ өкмөт жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да билдирген. Ал маселени коркутуу жана шантаж менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин айтты.
Быйыл жаздан бери Казакстан ветеринардык-санитардык көзөмөлдү ирээтке келтиргиле деп Кыргызстандан чыккан сүт-быштакты албай келатат. (RK)