Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Аксы милициясына карата кылмыш иш козгоду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Аксы райондук милициясынын жетекчилигине жана айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Баш прокуратура кабарлайт. Алар өтө оор кылмышты жаап-жашырган деп айыпталууда.

Быйыл июл айында Аксы районунда алты киши 17 жаштагы кызды зордуктаганы, жабыркаган кыз кийин ооруканага түшкөнү, айкын далилдер турса да күнөөлүүлөрдү жаап-жашыруу аракети болгону айтылат.

22-октябрда бул окуя боюнча кайрадан кылмыш иш козголду. Ал эми милиционерлерге карата кызматынан пайдаланды жана далилдерди бурмалады деп айып тагылууда. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG