Сириядагы кыянатчылыктарды токтотуу аракетине колдоо издеп жүргөн Лахдар Брахими Бээжинге Москвадан барды. Ал буга чейин Курман айт күндөрү ок атышууну токтотуу боюнча сунушу орундалбай калганына карабай, тынчтык орнотуу аракеттерин уланта берерин айткан эле.
Кечээ ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан учурунда Сириядагы кырдаал начарлоо үстүндө экенин белгилеген.
Орусия жана Кытай буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия президенти Башар Асаддын аракеттерин айыптаган резолюциясына үч ирет вето салган.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун бүгүнкү маалыматына караганда, өткөн түнү борбор Дамасктын жанындагы качкындар лагеринде ок атышуу болгон. (UE)