Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:02

Көлдө "Ата-Журттун" лидерлерин бошотууну талап кылган митинг өттү


Бүгүн Балыкчынын Кубакы ашуусунун белинде "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин бошотулушун талап кылган митинг өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзүн Кыргызстанды сактоо кыймылы деп атаган уюмдун тең төрагасы Нурлан Мотуев кабарлады.

Анын айтымында, митингге уюмдун мүчөлөрү жана депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери катышты. Жалпысынан 600гө жакын киши чогулду. Нааразылык акциясына чыккандардын арасында депутаттын атасы да жүрдү. Митингчилер бийлик алдына камактагы депутаттарды 2-ноябр, саат эртең мененки 10го чейин бошотуу талабын койду. Эгер бул талап аткарылбаса, анда Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш уюштурулаарын, парламент алдында мөөнөтсүз пикет башталаарын билдирди.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, Кубакыда өткөн бүгүнкү митингге 50-55 киши катышты.

"Атажуртчу" лидерлер Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен тергөө абагында жатат. "Ата-Журт" партиясынан шайланган дагы бир депутат Нариман Тюлеев 2008-жылы Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып алып, мамлекеттик акчага кол салган деп айыпталууда.

Бирок камактагы депутаттардын баары тең аларга тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз экенин айтып келет. (RK/MK)

XS
SM
MD
LG