Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Грузияда мурдагы премьер-министрдин өлүмү кайра териштирилет


Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шевернадзе 2003-жылдагы оппозиция лидерлери менен. Зураб Жвания солдон экинчи. 9-ноябрь, 2003-жыл.
Тбилисиден түшкөн кабарларга караганда, коомчулукта чоң резонанс жараткан иштер, анын ичинде мурдагы премьер-министр Зураб Жваниянын өлүмү кайра тергелерин Грузиянын жаңы дайындалган башкы прокурору Архил Кбилашвили убада кылып жатат.

Зураб Жвания 2005-жылы февралда каза тапкан. Ошол кездеги расмий тыянакка караганда, ал газдын изине ууланган.

Бирок мурдагы премьер-министрдин туугандары бул версияга ишенишкен эмес.

Зураб Жваниянын азыркы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” коалициясы менен парламентке келген иниси Георгий Жваниянын ырастоосунда, агасы грузин жетекчилиги тарабынан өлтүрүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG