АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Евробиримдик менен НАТОго мүчөлүк Боснияны стабилдүүлүккө алып барары тууралуу бүгүн Сараеводо Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен бирге өткөргөн маалымат жыйын учурунда айтты:
- Биз Евробиримдикке жана НАТОго кошулуу бул өлкөгө, өзгөчө анын жаш жарандарына узак мөөнөттүү стабилдүүлүк жана өнүгүү үчүн эң мыкты жолду тартуулайт деп эсептейбиз. Босния-Герцеговина Европага таандыктыгында биздин шегибиз жок.
Клинтон өз сөзүндө ошондой эле босниялык серб лидерлеринин аракеттерин сынга алды. Ал белгилегендей, 1992-95-жылдардагы согуш аяктагандан 17 жылдан кийин да Босниянын аймактык бүтүндүгүнөн күмөн саналышы толугу менен кабыл алынгыс.
Клинтон бүгүн Сараеводо өлкөнүн лидерлери менен кездешти. Босния - Балкан чөлкөмүнүн Евробиримдиктин мүчөлүгүнө арыз бере элек акыркы өлкөсү жана НАТО менен Евробиримдикке интеграциялануу маселесинде коңшуларынан кыйла артта калууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү бүгүн Белградга барышат.
Ал серб бийликтерине Косово менен Евробиримдик ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруусу үчүн басым жасашмакчы.
Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялаган. (UE)