Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:33

Элчи Жумалиев: АКШда кыргызстандыктарды сак болууга үндөп жатабыз


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев учурда «Сэнди» бороону каптаган штаттарда жашаган кыргызстандыктардын саны көп экенин айтып, аларды "улам-улам сактыкка жана бири-бири менен байланышта болууга үндөп жатабыз" деди «Азаттыкка». Элчинин айтымында, учурда кырсыктан жабыркап же эвакуацияда документтерин жоготуп алган мекендештер болгон жок. «Элчиликке англис тилин билбеген мекендештер кайрылып, бийликтердин эскертүүлөрү боюнча тагыраак маалымат алып жатышат», - деди Жумалиев. АКШда бейрасмий маалымат боюнча 20 миңдей кыргызстандык жашайт.

Кечээ бороон аралаш суу ташкын АКШнын түндүк-чыгышында электр зымдарын кыйратып, 6 миллиондой адамды жарыксыз калтырган. Буга байланыштуу президент Барак Обама Нью-Йорк, Нью-Жерси жана башка бир нече штаттарда өзгөчө кырдаал жарыялады. (JAk)

XS
SM
MD
LG