Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Нью Жерси жана Нью-Йорк штаттары “чоң апааттын аймагы”

Мындай абалды президент Барак Обама “Сэнди” бороону АКШнын чыгыш жээгин каптагандан улам жарыялады. Шамал коштогон суу ташкындан АКШ жана Канадада 28 адам набыт болгону маалымдалды.

Барак Обама кабарчыларга 6-ноябрда президенттик шайлоо өтөөрүн, өзү бирок табигый кырсыкта жабыркагандарга ыкчам жардам берүү менен алек болоорун айтты:

- Мени апааттын шайлоого кандай таасир этери тынчсыздандырбайт. Мени анын үй-бүлөлөргө тийгизчү залакасы жана анын биз алгач кабыл алган чарага тийгизген таасири, анын экономикага жана биздин транспорт системабызга келтирилчү зыяны тынчсыздандырат.

Барак Обаманын атаандаш-талапкер Митт Ромни да ураганга байланыштуу шайлоочулар менен кездешүүнү токтотту.

Бороондон улам 1 миллион чамалуу адам коопсуз жайларга шашылыш көчүрүлдү. 6 миллиондон ашуун адам электрсиз калды. Нью-Йорктун үч аэропорту тең жабык турат. Нью-Йорк метросун суу каптап, токтоду. Акыркы 130 жылда биринчи жолу Нью-Йорктун фондулук биржасы эки күн катары иштеген жок.

АКШнын өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы шайлоо күнү мүмкүн болчу капылет апааттан элди коргоого даярдык көрүүдө.
​
XS
SM
MD
LG