Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Москвада жүздөгөн адамдар катышкан демонстрация өттү


Алар быйыл май айында президент Владимир Путиндин кайра шайлануусуна каршы өткөн митингди уюштурду деп айыпталып, камакта отурган оппозиция активисттерин бошотууну талап кылышты. Оппозициядагы “Солчул фронттун” башчысы Сергей Удальцов аба ырайынын катаал шартына карабай, жыйынга 2 миңден ашуун адам чогулганын билдирди.

Нааразылык жыйыны Сталин доорундагы саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнүнө туштап өткөрүлдү.

Таанымал блогчу Алексей Навальныйга өткөн жумадагы митингге чыкканы үчүн миң доллар айып салгандыктан, ал 30-октябрдагы акцияга келген жок.

Оппозиция лидерлеринин бири, мурдагы вице-премьер Борис Немцов “Азаттыкка” бийлик жарандардан корккону үчүн каршы пикирдеги адамдарды куру доомат менен камап жатканын айтты:

- Бийлик өз элинен аябай коркот. Эл алдамчылар жана уруулар деп айтып койот деп коркот. Ошон үчүн адамдарды мыйзамсыз абакка салууда. Биз ага каршыбыз. Жоро-жолдошторума тилектештик ирети бул жерге келдим.

XS
SM
MD
LG