Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Клинтон Босниянын Евробиримдикке кошулуусун жактады


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Босния-Герцеговинанын Евробиримдикке кошулуусун жактады.

Босния-Герцеговина “Европага таандык” болгондуктан, анын Европа биримдиги менен НАТОго кошулуусу өлкөдөгү стабилдүүлүктүн сакталышынын мыкты жолу.
Мындай билдирүүнү мамкатчысы Хиллари Клинтон шейшемби күнү Сараеводо Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон айым менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында жасады:

- Европа биримдигине жана НАТОго кирүү бул өлкөгө, айрыкча, бул өлкөнүн жаштарына бейкуттукту жана жыргалчылыкты сактоонун мыкты жолун сунуш этет деп ишенебиз. Босния жана Герцеговинанын Европага таандык экенинен биздин күмөнүбүз жок.

1992-95-жылдардагы Босния мусулмандары, сербдер жана хорваттар ортосундагы согушка АКШнын арачылыгы менен түзүлгөн тынчтык келишими чекит койгон. Бул келишимге ылайык, өлкө эки жарым автономияга: серб калктуу Српска Республикага жана Мусулман-Хорват федерациясына бөлүнгөн. Босниялык сербдер Босния-Герцеговинадан чыгып кетээрин маал-маал айтып, үчилтикти коркутуп келет.

XS
SM
MD
LG