Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Жарандык коом парламенттин иши тууралуу отчетун жарыялайт


“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму март айынан бери “Парламенттик башкаруу системасындагы саясий партиялардын жана лидерлердин кирешесинин ачыктыгы жарандык көзөмөл аркылуу” деген долбоордун алкагында иликтөө-сурамжылоолорду жүргүзүп келген. Долбоордун координатору Аида Байжуманованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча отчетто Жогорку Кеңештин бюджети, мыйзамдардын кабыл алынышы жана мазмуну, парламенттеги саясий партиялардын кирешеси тууралуу маалыматтар айтылат.

Мындан тышкары эл өкүлдөрүнүн ишине баа берилген. “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюму бул отчеттун негизинде Жогорку Кеңештин бюджетин пайдалануу жана башка каржы булактары ачык көрсөтүлүшүнө жол ачуучу иш-чараларды өткөрүүнү көздөйт.

Парламенттин иши, депутаттардын өз ишине жасаган мамилеси буга чейин да жарандык коом тарабынан кызуу талкууга алынып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG