Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Москвада үч кыргыз наристе уурдалганы кабарланууда


Орусиялык маалымат каражаттары Москва шаарында Кыргызстандын кичинекей үч жараны уурдалганын жазып чыгышты. Эки жаштан беш жашка чейинки бөбөктөрдү белгисиз тарапка алып кеткендер да кыргыздар экени айтылууда. Москвадагы кыргыз элчилиги бул окуя боюнча юристтер иш алып барып жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, балдарды ата-энелердин ортосундагы чырдан кийин белгисиз тарапка алып кетишкен. Москва полициясы балдарды салып кеткен “ВАЗ-21099” машинесин кармоо боюнча “Кармоо” деп аталган операция жарыяланганын маалымдаган. Азырынча кыргызстандык наристелердин дареги дайынсыз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG