Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Төрага Жээнбеков: Амандыгыбыз үчүн шүгүр дейли


Жогорку Кеңештин депутаттары аман-эсендиги үчүн шүгүр деш керек. Мындай пикирин бүгүн төрага Асылбек Жээнбеков "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун айтканына жооп катары билдирди.

Алтынбек Сулайманов Жээнбековго кайрылып коалиция тарагандан кийин төрага да, анын орун басарлары да кайра шайланышы керек болчу деген оюн айтты. Жээнбековдун жеке өзүн "жолуң болбой жатат" деди:

- Төраганы, вице-спикерлерди да кайрадан шайлайлы. Коркпой эле, төрага, сиз да ушул кадамга бара бериңиз. 20 жылдык тарыхта бир да төраганын тушунда төрт депутат камалган эмес. Бул, албетте, сиздин күнөөңүз эмес, бирок сиздин жолуңуз жакшы болбой жатат. Жээнбеков спикер кезинде 6-7 айда төрт депутат камалды деген сөз айтылат.

Депутат Сулаймановдун бул айтканына жооп катары Жээнбеков:

- Баарыбыз эсен-аманбыз. Ошол төрт депутатыбыз да аман. Мыйзамдын чегинде жеңилдиктер болсо алар кайтып чыгышын каалайм. Азыр Кудайга шүгүр. Депутаттарды атып, өлтүрүп кеткен күндөр болгон. Коллегабыз Шаботоевди, депутаттарыбыздын балдарын атып кеткен. Санжар Кадыралиевди атып кеткен, - деди.

"Атажуртчу" лидерлер Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен тергөө абагында жатат. "Ата-Журт" партиясынан шайланган дагы бир депутат Нариман Тюлеев 2008-жылы Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып алып, мамлекеттик акчага кол салган деп айыпталууда.

Бирок камактагы депутаттардын баары тең аларга тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG