Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Айткулов: Бүгүн Ташиев үй камагына которулушу мүмкүн


Камчыбек Ташиев бүгүн үй камагына чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Баш прокуратура Биринчи Май райондук сотуна Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч жөнөттү жана ал өтүнүч бүгүн түштөн кийин сотто каралат.

Ташиевдин адвокаты аны үй камагына чыгаруу чечимине Баш прокуратура депутаттардын өтүнүчүн жана адвокат катары башкы прокуратура жазган арызын эске алса керек деген оюн билдирди.

Ошондой эле бүгүн Икрамидин Айткуловдун Камыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулун кароо боюнча берген арызы Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Айткулов Ташиевди үй камагына бошото турган болгондон кийин ал арызды кайра алганын кошумчалады. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG