Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Үч чек ара башкармалыгы түзүлөт


Кыргызстанда Чек ара кызматына караштуу үч чек ара башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо кеңешинин инспектору Бактияр Кускакбаев билдирди. Анын айтымында, жаңы түзүлө турган башкармалыктар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын тейлейт. Алардын макамы жана ыйгарым укуктары кеңейтилет. Өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Жаңы жылга чейин Чек ара кызматы Оштон Бишкекке көчүрүлөт. Мекеменин структуралык жагы, андан кийин кадрдык курамы кайрадан каралып чыгат.

Президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматын Оштон Бишкекке көчүрүп келүү тууралуу жарлыкка 18-октябрда кол койгонун аталган мекеменин башчысы Закир Тиленов кечээ айткан.

Быйыл Эчкили-Ташта болгон кандуу окуядан кийин Закир Тиленов бул кызматты жетектөөгө моралдык укугум жок деп президентке кайрылган. Азырынча анын бул арызына жооп боло элек.

Быйыл 20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун айтымында, быйыл 8 айда 18 чек арачы жоокер өлүмгө учурады, 416 аскер кызматкери кызмат шартынын начардыгынан улам өз арызы менен башка ишке кеткен. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG