Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча эл аралык атайын чабарман Лахдар Брахими бүгүн Бээжинге сапар менен барып, Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жолугушту. Брахими Кытай бийлигин Сириядагы жаңжалдын токтошуна жигердүү салым кошууга үндөдү.
Буга чейин Батыш өлкөлөрүнүн жана Араб лигасынын президент Башар Асаддын режимине катуу чара колдонуу боюнча резолюциясын Орусия менен Кытай үч ирет колдобой койгон. Чабарман Брахими дүйшөмбү күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да Сирия маселесин талкуулаган. Орусия, Кытай жана Иран азыркы сириялык режимдин башкы колдоочулары болуп саналат.
Сирияда 19 ай мурун башталган оппозиция-бийликтин куралдуу кагылышынан 30 миңден ашуун адам набыт болду.