Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

АКШ: “Сэнди” ураганы авиа байланышты үзгүлтүккө учуратты


“Сэнди” бороонунун айынан АКШнын түндүк-батышында, Канадада жана башка бир катар өлкөлөрдө жалпысынан 18 миң авиакаттам учпай калды. Адистер үзүл-кесил болуп жаткан авиабайланыш дагы бир нече күндөн кийин калыпка түшөөрүн билдиришти. Урагандын айынан Нью-Йорктогу негизги үч аэропорт ишин токтотту. Бүгүн Жон Кеннеди атындагы аэропорт кайрадан ишке кирээри күтүлүүдө. Соңку маалыматтар боюнча “Сэнди” ураганы АКШ жана Канадада 43 кишинин өмүрүн алды, каза тапкандардын 18и Нью-Йорк шаарынын тургундары деп билдирди бул шаардын мэри Майкл Блумберг. Суу ташкыны каптаган айрым райондордо куткаруу жана издөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG