Кыргызстандын мурдагы социалдык өнүгүү министри Равшанбек Сабиров боюнча соттук териштирүү бүгүн болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы министрдин иши боюнча мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков кабарлады. Буга Сабиров менен бирге айыпталып жаткан жардамчысы Тахир Мырзакметовдун адвокатынын келбей калганы себеп болду. Эми сот 12-ноябрда болот.
Бүгүн Сабиров өзү көрсөтмө берип, өкүм чыгат деп айтылып жаткан. Айыптоочу тарап Сабировду 15 жылга, ал эми анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. Бирок алардын адвокаттары бул айыптоолор негизсиз экенин айтып келет.
Равшанбек Сабировго Баш прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июлда камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Сабировдун орун басары Гүлнара Дербишева да ушундай эле айып менен 31-август күнү камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Буларга чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда. (BkA\ZB)