Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Баш прокуратура Ташиев боюнча сотко кайрылды


Кыргызстандын Баш прокуратурасы камактагы депутат Камчыбек Ташиевге байланыштуу Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Анда Ташиев боюнча соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза өткөрүлгөнү, ошонун негизинде депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу керектиги айтылат.

Экспертиза кандай жыйынтыкка келгени тууралуу азырынча маалымат жок. Баш прокуратуранын мындай сунушун Биринчи Май райондук соту бүгүн карамак. Бирок сот болбой калды. Эртең өтөт деп айтылууда.

3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасады деп айыпталып жаткан депутат Ташиев учурда УКМКнын тергөө абагында камакта. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG