Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Опера жана балет театрына 100 миң сом бөлүндү


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына өлкө башчысынын фондунан 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Театр быйыл өзүнүн 70 жылдыгын белгилөөдө. Бул датага арналып бүгүн телемарафон өттү. Ал эми 14-18-ноябрда опера жана балет искусствосунун эл аралык фестивалы уюштурулат.

Алгачкы кыргыз мамлекеттик театры 1930-жылдын 7-ноябрында түзүлгөн. Бирок азыркы опера жана балет театрынын негизделген күнү деп 1942-жылдын 17-августу эсептелет. Бул күнү кыргыз мамлекеттик театрынан башталган музыкалык драмтеатр В.И.Ленин ордендүү мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайра түзүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG