Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Өкмөт башчы: Рысалиевдин отставкасы мага белгисиз болчу


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке келгенде депутаттардын суроолорунун көпчүлүгү мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин кызматтан кетүүсүнө байланыштуу болду. Премьер-министр экс-министр кызматтан кетерин алдын ала билбегенин, отставка тууралуу чечим өзүнөн кыя өтүп, президент аркылуу чыгарылганын билдирди. Өкмөт башчы УКМКнын мурунку жетекчиси Шамил Атаханов ИИМди реформалайт, оңдойт деген ишеничин айтты.

Зарылбек Рысалиевдин кызматтан кетүү тууралуу арызына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү кол койгон. Ошол эле күнү анын ордуна УКМКнын төрагасы Шамил Атахановду дайындоо тууралуу президент сунушун келтирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG