Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Нью-Йорктогу эки чоң аэропорт кайрадан ишке кирди


Буга чейин “Сэнди” бороонунун айынан АКШнын түндүк-батышында, Канадада жана башка бир катар өлкөлөрдө жалпысынан 18 миң авиакаттам учпай калган. Адистер үзүл-кесил болуп жаткан авиабайланыш дагы бир нече күндөн кийин калыпка түшөөрүн билдиришкен эле. Урагандын айынан Нью-Йорктогу негизги үч аэропорт ишин токтоткон, азыр алардын экөөсү Жон Кеннеди жана “Ньюарк Либерти” аэропорту кайрадан ачылды.

Соңку маалыматтар боюнча “Сэнди” ураганы АКШ жана Канадада 43 кишинин өмүрүн алды, миллиондогон адамдар жарыксыз калып, имараттар кыйрады. “Сэнди” ураганы АКШ экономикасына 40 млн доллар зыян келтириши мүмкүн деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG