Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Сот бүгүн Ташиевдин баш коргоо чарасын карайт


“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу тууралуу сунушту Башкы прокуратура Биринчи май райондук сотуна кечээ берген. Сунуш Ташиевге жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу болгону айтылган эле.

Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сот Башкы прокуратура өкүлүнүн келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылды. Адвокат Ташиевге жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертиза тууралуу кабардар болбогонун белгилеп, муну мыйзамсыз деп баалады.

“Ата-Журт” партиясынын лидери, ЖК депутаты Камчыбек Ташиев 3-октябрда бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. 5-октябрда Биринчи май райондук соту аны эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG