Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев кечээ маалымат жыйынында билдирди. Адвокат депутатка коюлган айыптар негизсиз деп эсептейт. Ал ошондой эле Жогорку Сот Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти кароодо калыс болот деген ишеничи бардыгын журналисттерге билдирди.
“Ата-Журт” партиясынын депутаты Талант Мамытов 3-октябрда бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Биринчи май райондук соту 5-октябрда депутатты эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган, кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.(ZKo)