Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова киносценарий жазууда


Olam.uz сайтына өзбекстандык кинорежиссер Акбар Хакимовдун айтышынча, Гүлнара Каримова жазып жаткан сценарий VI кылымдагы Борбор Азия жөнүндө жана тасмада тарса-кечилдин ролун атактуу француз актеру Жерард Депардье ойнойт деп болжолдонууда. Гүлнара Каримова жетектеген “Өзбекстан маданияты жана искусствосу” фондунун атын атабоону сураган кызматкеринин "Франс пресс" агенттигине билдиришинче, ушул тапта Депардье менен сүйлөшүү жүрүп жаткан экен.

Гүлнара Каримова азыр дипломаттык кызматта. Поп-ырчылык жана дизайнерлик да өнөрү бар. Болочокто атасынын ордуна мураскер-президент болору да айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG