Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Бахрейндин кадамы АКШны кыжаалатка салды


Бахрейнде коомдук жайларда демонстрация өткөрүүгө тыйуу салынды. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Марк Тонер шаршемби күнү Ак үйдү жарандардын жыйналыш өткөрүү, уюмга биригүү, ой-пикирин эркин билдирүү укугун бузган бул чара “терең тынчсыздандырганын” билдирди. Бул кадам Бахрейндин реформа жасоо боюнча убадасына каршы келет жана АКШ өкмөтү Бахрейнди жарандардын фундаменталдык укуктарын урматтоого үндөйт, деди Тонер. Бахрейндин ички иштер министри бул чара убактылуу гана киргизилген деп маалымдады. Сунни азчылыгы бийлик жүргүзгөн Бахрейндин калкынын 70 проценти шииттер. Алар былтыр февралда саясий укуктарын кеңейтүүнү талап кылышып, көчө жүрүшкө чыкканда аскерлер менен кагылышта ондогон адамдар набыт болгон. Миңдеген шииттер камакка алынган.

Бахрейн Вашингтондун Перс булуңундагы маанилүү союздашы. Өлкөдө АКШнын 5-деңиз аскер флоту жайгашкан.

XS
SM
MD
LG